Мыйзамсыз бала-бакча мамлекетке кайтарылды

11.11.2021, 11:44 Акчабар
Мыйзамсыз бала-бакча мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы Кара-Көл шаарындагы 22 миллион 919 миң 500 сомдук бала-бакчанын имаратын муниципалдык менчикке кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2002-жылдын 12-июнунда Кара-Көл шаарынын мэриясы 1,24 гектар жер тилкеси бар № 6 бала-бакчанын имаратын муниципалдык менчиктен жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп бергени белгилүү болгон.

Бала-бакчаны мамлекетке кайтаруу боюнча облустук прокуратура сотко доо арыз менен кайрылган. Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү мекемеси Кара-Көл шаарынын балансында турат.

Тэги: детский сад генеральная прокуратура муниципальная собственность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу