Премьер-министр укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын дарегине сын айтты

19.11.2019, 09:12 Акчабар
Премьер-министр укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын дарегине сын айтты

КР Өкмөтү укук коргоо органдары менен көзөмөлдөөчү органдарынын  ишине бизнести түзүүдө жана коопсуздугун сактоодо иштер толук кандуу жүрбөй жаткандыгын белгилеп,  нааразычылыгын билдирди. Мамлекеттик органдардын дарегине сын-пикирди КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев айтты. 

Премеьр-министрдин айтымында, бизнести коргоо боюнча иштин учурдагы механизми жаңы чакырыктарга жооп бербей турганы ачык көрүнүүдө.

«Коомдун эң прогрессивдүү бөлүгү деп эсептелген бизнес-коомчулук коргоого алынганын сезбей жатат жана укук бузуулардын тобокелчилигине көп кабылууда. Бул өлкөнүн инвестициялык климатына жана экономикалык абалына түздөн-түз таасир этет. Бизнести коргоо маселеси Өкмөттүн ишинде кызыл менен белгиленип, ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттардын бири болуп саналат. Бизде ишкерликти колдоого байланыштуу маселени талкуулабай жана чечимдерди кабыл албай койгон учур болгон эмес. Биз бардык билдирүүлөргө жана бизнес-коомчулук үн кайрылууларын алып ыкчам реакция жасоого аракет кылабыз. Бул чөйрөдөгү маанилүү чечимдерди биргеликте турмушка ашырып келебиз. Бирок учурдагы механизмдердин кемчиликтеринен улам, кырдаал анализди жана чечкиндүү чараларды талап кылууда», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев бизнести коргоо үчүн укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын жетекчилерине экономика тармагындагы бардык процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча Өкмөттүн иш аракеттерине толугу менен айкалышкан жаңы чакырыктарга натыйжалуу жооп бере турган механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды.

Тэги: коррупция правительство инвестклимат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу