"Кыргызтеплоэнерго" мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын биринде көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мүчөсү, эксперт Расул Умбеталиев биринчи май соту тарабынан күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу соттун буйругунда айтылат.
Бишкек шаарынын биринчи май райондук соту ага 260 миң сом айып салды.
Буга чейин УКМК Расул Умбеталиевдин 2020-2021-жылдар аралыгында "Кыргызтеплоэнерго" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги аркылуу ишкердиктин субъектисинин өкүлүнөн сый акы түрүндө 500 миң сом пара талап кылгандыгы тууралуу маалымат тараткан.