Ноокатта 2 млрд сомго соода-логистикалык борбор курулат

06.03.2024, 14:00 Акчабар
Ноокатта 2 млрд сомго соода-логистикалык борбор курулат

Ноокатта соода-логистикалык борборду куруу жана башкаруу долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол коюлду. Бул тууралуу МЖӨ борборунан билдиришти.

Документке Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен “Мармара Стоун” ЖЧКсынын ортосунда кол коюлган.

Долбоор заманбап соода-логистикалык борборду, анын ичинде соода жана оюн-зоок комплексин, тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларды чекене жана дүңүнөн сатуу үчүн соода борборлорун, кайра иштетүүчү цехтерди, кампаларды (муздаткычтар), унаа токтотуучу жайларды курууну камтыйт.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн 2 млрд сомдон ашык инвестиция тартуу пландаштырылууда. Анын алкагында 4 миңден ашык жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө.

Тэги: Ноокат логистика МЖӨ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу