Ноокенде 188 млн сомго эки мектеп курула баштады

01.05.2023, 12:57 Акчабар
Ноокенде 188 млн сомго эки мектеп курула баштады

Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма жана Бирдик айылдарына жаңы мектепти куруу иштери башталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки айылга 275 окуучуга ылайыкташкан, бардык шарттары менен типтүү мектеп курулмакчы. Курулуштун ар биринин сметалык наркы 94 млн сомду түзөт жана мектеп 2024-жылдын акыркы кварталында бүтөрү күтүлүүдө. 

Депутат Шарапаткан Мажитова курулуш баштоо аземинде сөз сүйлөп, айыл элин жакшы саамалыктар менен куттуктады.

“Ар бир ата-эне балдары миграцияга кетпей, өз жеринде өсүп-өнсүн деп тилек кылат. Андыктан биз балдар үчүн заманбап шарттарды түзүп, келечегине кам көрүшүбүз керек”, - деди депутат Шарапаткан Мажитова.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу