Ноокенде ири текстиль фабрикасынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Долбоорго ылайык, ишкананын курулушу 2024-жылдын соңуна чейин бүтүшү керек. Курулуштун жалпы наркы 30 млн 950 миң долларды түзөт.
Фабрика ачылса 500дөн ашык жаңы жумуш орду пайда болот деп күтүлүүдө.