Жаңы лизингдик компания «Кыргыз темир жолу» менен ири келишим түздү

10.11.2021, 12:52 Акчабар
Жаңы лизингдик компания «Кыргыз темир жолу» менен ири келишим түздү

Орусиялык капиталдын катышуусу менен жаңы түзүлгөн лизингдик компания "Кыргыз темир жолу" паркын жаңылоо боюнча ири келишимге ээ болот. Тиешелүү үч тараптуу макулдашууга бүгүн Бишкекте өтүп жаткан россиялык компаниялардын диверсификацияланган бизнес миссиясынын алкагында кол коюлду.

Тактап айтканда, "Нацпромлизинг" ЖЧКсы, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Документ тараптардын, ошондой эле "Нацпромлизинг" ЖЧКсынын туунду компаниясы "Нацпромлизинг-Кыргызстан" ЖЧКсынын "Кыргыз темир жолу" ишканасынын курамын жаңылоого, анын ичинде банктардан жана кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан каржылоону тартуу менен түздөн-түз катышуусун карайт.

"Меморандум тараптар Россиядан Кыргызстанга локомотивдерди, вагондорду, адистештирилген жабдууларды жана программалык камсыздоону, анын ичинде банктардын жана фонддун лизингдик программаларынын алкагында орус рублинде каржылоо боюнча кызматташууну түзүү жана өркүндөтүү ниетин билдирүү үчүн негиз болот", - деп айтылат келишимде.

Тэги: РКФР ГП Кыргыз Темир Жолу контракт лизинг Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу