"Кыргызалтын" ААКнын жаңы төрагасы шайланып, ага Кубат Абдраимов дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
2023-жылдын 19-январында директорлор кеңешинин чечими менен "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков берилген арызга ылайык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Кыргызстандын мыйзамдарынын бардык жол-жоболоруна ылайык, Кубат Абдраимовду “Кыргызалтын” ААКнын жетекчиси кылып дайындады.
Кубат Абдраимов буга чейин Ош шаарынын прокурору болуп иштеген, ошондой эле "Кыргызалтын" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.