Ноябрда мам.карызды төлөө үчүн 3.3 млрд сом жумшалган

05.12.2019, 10:00 Акчабар
Ноябрда мам.карызды төлөө үчүн 3.3 млрд сом жумшалган

Ноябрь айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын  (тышкы жана ички) төлөөгө 3 млрд 319.2 млн сом жумшалган. Бул тууралуу каржы министрлиги маалымдайт. 

Ички карызды төлөөгө - 2 млрд 270 млн 828.2 миң сом, тышкы карызга - 1 млрд 48 млн 377.9 миң сом жумшалган. 

Эске сала кетсек, «Акчабар» КР карызы бир жыл ичинде (2018-ж октябрь айынан тарта, 2019-ж октябрь айында) 11.5 млрд сомго жогорулаган. Бул ички карыздын көбөйүшү менен байланыштуу (+9 млрд 385.4 млн сом) болгон. 

Тэги: ноябрь мамкарыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу