“Фармация” ААКнын акционери Нурланбек Матыев компаниядагы үлүшүн көбөйттү. Мындай маалыматты Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Алсак, эгерде мурда ал 868 миң 525 акция (81,3145%) ээ болсо, анда өзгөртүүдөн кийин уставдык капиталдагы үлүшү 81,3146%га чейин өскөн. Акциялардын саны 868 миң 526 даана болду.
Өзгөртүүлөр 6-декабрдан тарта күчүнө кирерин кошумчалайбыз.