Нурланбек Шакиев Британиядагы мигранттар менен жолукту

07.03.2024, 12:41 Акчабар
Нурланбек Шакиев Британиядагы мигранттар менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британияда эмгектенген кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин тобу Кембридж шаарынын жанында жайгашкан G's Fresh айыл чарба ишканасына барды. 

“Учурда ал жакта 20 кыргызстандык эмгектенет, жалпысынан, бул ишкана 100дөн ашык кыргыз жарандарын жумуш менен камсыз кылган”, - деп айтылат маалыматта. 

Бул фермада мөмө-жемиштер жана козу карын өндүрүлөт, мисалы, бир жуманын ичинде 165 тонна козу карын чыгарылат. Негизи, G's Fresh өлкөдө эң ири ишканалардын бири, бир эле Британияда 7500 гектар жерди иштетет. Мындан тышкары, бир нече өлкөлөрдө жерлерди иштетет.

Төрага Шакиев кыргыз жумушчулары менен сүйлөшүп, G's Fresh ишканасын жана Pro Force оператордун жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү.

Тэги: Улуу Британия Нурланбек Шакиев эмгек миграциясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу