«Кыргызнефтегаз» ишканасы 400 млн долларлык завод курат

01.05.2023, 11:25 Акчабар
«Кыргызнефтегаз» ишканасы 400 млн долларлык завод курат

“Кыргызнефтегаз” ААКсы 400 млн. долларлык 500 миң тонна өндүрүштүк кубаттуулуктагы мунай иштетүүчү заводду курат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында өкмөт башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жаңы завод “Кыргызпетролеум” нефтини кайра иштетүүчү заводунун базасында курулат.

“Биз аларга бюджеттен каражат бере албайбыз, бирок алар биздин кепилдик менен насыя ала алышат. “Кыргызнефтегаз” ишканасы долбоор даярдады. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болгондон кийин биз аларга жардам бере баштайбыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Депутат Алишер Козубеков “Кыргызпетролиумда” 40 млн. доллар бар экенин, ал эми долбоор ишке ашса эки жылда өзүн актай турганын билдирди.

Тэги: новости Кыргызстана Кыргызнефтегаз Кыргызпетролеум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу