ААК «Эл аралык «Манас» аэропорту» Эл аралык карылар күнүн жана КР авиация күнүн утурлай 335 пенсионерлерди куттукташты.
ААК «Эл аралык «Манас» аэропортунун» чечими менен авиациянын жана «Манас», «Ош» и «Ысык-Көл», аэропортунда иштеп ардактуу эс алууга чыгышкан ар бир кызматкерге 2 миң 500 сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлдү.
Эске сала кетсек, бүгүн Эл аралык карылар күнү. Улуттук статистиканын маалыматына ылайык, 2019 – жылдын башында КР 500 миңге жакын пенсионерлер жашайт.