«Манас» аэропорту: ишканада пикир келишпестиктер жок

28.10.2020, 15:37 Акчабар
«Манас» аэропорту: ишканада пикир келишпестиктер жок

«МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Сыдыков аэропорттун кызматкерлери менен жолугуп жатат. «Манас» аэропортунун кызматкерлери менен жолугушуу Башкармалыгынын төрагасынын демилгесинин негизинде өтүүдө. Бул тууралуу аэропрттун басма сөз кызматы кабарлады. 

 

«Манас» эл аралык аэропорт» ААК Башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Сыдыковдун жолугушуусу Кыргызстандын бардык аба жолундагы кызматкерлер менен болот. Өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча компаниянын жыргалчылыгы үчүн жана «МЭА» ААК ишмердүүлүгүнө таасир тийгизбөө үчүн биргелешип иштөө коллегиялуу чечилди. Жамаат өлкөнүн стратегиялык объектисин куруу боюнча жаңы жетекчиликти жана пландарды колдоого алат», - деп айтылат маалыматта. 

 

Акыркы күндөрү айрым маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда «Манас» аэропортунда белгиленген жетекчиге каршы туруп, жамааттардын жана тартипсиздиктердин жүрүүсү тууралуу маалымат тараган. Ушуга байланыштуу авиациялык коопсуздук кызматынын, жүргүнчүлөрдү ташуучу авиаташууларды, перрондук тейлөөнү жана автотранспортту уюштурууну, оңдоо жана курулуш иштерин уюштурууну, ошондой эле башка кызматтардагы кызматкерлер менен жолугушуулар өтүп жатат.

Жолугушууларда аэропорттун көптөгөн кызматкерлери бул жагдай боюнча өз байкоолору жана позициясы менен бөлүшүштү. Пайда болгон маселени көп тараптуу талкуулоо өтүп жатат.

Бүгүнкү күндө ишканада пикир келишпестиктер жана чыр-чатак абалы жок, - деп белгилешти аэропорттон. 

 

Тэги: Международный аэропорт «Манас» беспорядки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу