Боронов: Ички каттамдарды ачууга азырынча эрте

29.04.2020, 15:04 Акчабар
Боронов: Ички каттамдарды ачууга азырынча эрте

Эл аралык каттамдардын ачылышы бизден эле эмес, каттам жүргүзүлө турган өлкөлөрдөн дагы көз каранды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Маалымат жыйында аэропорттор, ички жана эл аралык каттамдар качан ачылат деген суроо берилди.

«Бул маселе жакында чечилет деп үмүттөнүүдөбүз. Өзүңүздөр билгендей, эл аралык каттамдардын ачылышы бизден эле эмес, каттам жүргүзүлө турган өлкөлөрдөн дагы көз каранды. Биздин коңшу мамлекеттерибизде дагы абал ушундай, айрым өлкөлөрдө мындан да начар. Ал эми ички каттамдар боюнча айтсак, жакынкы күндөрү аларды ачуу пландалган жок. Бул тууралуу айтуу азырынча эрте», - деди ал.

 

 

Тэги: коронавирус ЧП Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу