ЕАЭБдеги өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 502,1 млрд долларды түздү

23.07.2021, 10:40 Акчабар
ЕАЭБдеги өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 502,1 млрд долларды түздү

ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдын январь-май айларында 502,1 млрд долларды түздү жана 2020-жылдын январь-майына салыштырмалуу 3,4% га өстү. Бул тууралуу Eвразия экономикалык комиссиясынан белгилүү болду. 

2021-жылдын январь-май айларында Орусия ЕАЭБдин жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн 88,3%, Казакстан - 6,6%, Беларуссия - 4,5%, Кыргызстан жана Армения - 0,3% түздү.

ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн түзүмүндө 2021-жылдын январь-май айларында ири үлүштү иштетүү өнөр жайы ээледи (64,4%). Анын үлүшү 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 1% га төмөндөгөн. Тоо-кен казуу жана карьерди казып алуунун үлүшү 25,2% (2,6% га жогорулаган). Электр энергиясы, газ, буу жана кондиционердин салыштырма салмагы 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 1,6 пайыздык пунктка төмөндөп, 8,6% түздү, суу менен камсыз кылуунун үлүшү; канализация тутуму, таштандыларды чогултууга жана бөлүштүрүүгө көзөмөл 2020-жылдын январь-май айларынын деңгээлинде сакталып, 1,8% түздү.

Тэги: ЕАЭС промышленное производство ЕЭК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу