2024-жылдын январында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,6%га көп болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.
Алсак, 2024-жылдын январында иш жүзүндө учурдагы баада 35,9 млрд сомго өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн.
Негизги бөлүгү Чүй облусунда жана Бишкек шаарында, андан кийин Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында өндүрүлгөн.