Кыргыз биржа фондунда 15-ноябрь күнү, баалуу кагаздардын соода көлөмү 2 млн 919.2 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунун сайтында маалымдалат.
Биринчи соода жүгүртүүдө баалуу кагаз 269.3 миң сомду түзгөн, экинчи соодада - 2 млн 649.8 миң сомго жүргүзүлгөн.
Сооданын жалпы көлөмү 259.9 миң сомду түзгөн. Ал эми биржа фондуна кирбеген компаниялардын баалуу кагаздары - 2 млн 659.3 миң сомду түзөт.