ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылы, 2019-жылга салыштырмалуу 3.7% төмөндөгөн. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
Комиссиянын маалыматына ылайык, өнөр-жай тармагындагы төмөндөөнүн басымдуу бөлүгү Кыргызстанда (6.6%) жана Россияда (2.9%) катталган. Бирок, буга карабастан, биримдиктеги өнөр-жай тармагы 0.4% жогорулаган.
Кыргызстанда эң төмөн көрсөткүч тоо-кен тармагында катталган, 22.4% төмөндөгөн. Кайра иштетүү тармагы - 8.2%, суу менен камсыз кылуу - 3.1% төмөндөгөн.