2020-жылы ЕАЭБдеги өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү 1 трлн 42.8 млрд долларды түзгөн. 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көлөм 2.7% төмөндөгөн. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБде кайра иштетүү өнөр-жайынын көлөмү — 706 млрд $ түзгөн. Андан соң, тоо-кен тармагы — 228.7 млрд $, электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо — 88.8 млрд $, суу менен камсыз кылуу — 19.1 млрд $ түзөт.
Өнөр-жайдын дээрлик 92% Россияда жайгашкан, өндүрүшү — 922.3 млрд $ түзөт. Казакстандын өнөр-жай продукциясынын көлөмү 64.7 млрд $, Белорусияныкы — 47.3 млрд $, Арменияныкы — 4.2 млрд $ түзгөн.
Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 4.1 млрд $ түзүп, өнөктөш мамлекеттердин ичинен акыркы орунду ээледи.