Украинадагы кырдаалга байланыштуу кыргыз банктары менен акча алмаштыруу жайлары орус рублин элден сомдон да арзан сатып ала баштады.
Эске сала кетсек, 23-февралда Улуттук банкта рублдин расмий курсу 1.0545 сомду түзгөн. Ал 22-февралга карата 4.54%га арзандап кеткен. Кечээ дем алыш күн болгондугуна байланыштуу рублдин расмий курсу канча болуп жаткандыгы белгисиз. Анткени менен банктар менен акча алмаштыруу жайлары Украинадагы акыркы кырдаалдарга карата аракет жасап жатканы байкалат. Бишкек убактысы боюнча саат 9:20дан баштап рублди сатып алуу баасын саат 11:00дө 1,045тен 0,95ке (-9%) түшүрүп, 1,07 сомдон сатылды.
Кошумчалай кетсек, орус рублинин акыркы курсу (23-февраль) Борбордук банк тарабынан долларга карата жаңыланган курсу 1 доллар үчүн 80,4194 деңгээлинде болсо, 22-февралдагы 76,7671 (+4,75%) деңгээлинде болгон.