2018 – жылы республикалык бюджеттин жалпы көлөмү 135 млрд. 504 млн. сомду түзгөн. Бул тууралуу финансы министрлиги Бактыгүл Жээнбаева билдирди.
Өткөн жылга салыштырмалуу республикалык бюджет 0.6% же 797 млн. сомго өскөн. 2018 – жылы республикалык бюджеттин жалпы чыгашасы 141 млрд. 945 млн. сомду түзгөн. 2017 – жылга салыштырмалуу жалпы чыгаша 2 млрд. 144 млн. сомго же 1.5% өскөн.
Республикалык бюджет 2018 – жылы 6 млрд. 453 млн. сом дефицит менен аткарылган.