“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин чечими менен башкармалыктын төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Тактап айтканда, Талантбек Ысаковдун ыйгарым укуктары токтотулган. Мындай чечим 7-мартта кабыл алынган, бирок анын себептери айтылган жок.
Кошумчалай кетсек, “Кыргызтелеком” акыркы бир жылдын ичинде башкармалыктын курамы сегиз жолу өзгөргөндүгү тууралуу маалымат берген.