ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдүн пакети жактырылды

28.07.2022, 09:21 Акчабар
ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдүн пакети жактырылды

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы 26-июлдагы жыйынында Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү камтыган “III чоң протоколдун” долбоорун жактырды.

Долбоор укук колдонуу практикасынын жүрүшүндө аныкталган укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюуга жана техникалык жөнгө салуу жагынан биримдиктин органдарына бир катар ыйгарым укуктарды берүүгө багытталганы белгиленген.

Тактап айтканда, өзгөртүүлөр сатып алууларды жөнгө салуу боюнча протоколго таасирин тийгизет. Аны электрондук форматта мамлекеттик сатып алууларга жеткирүүчүлөрдүн катышуусу үчүн электрондук цифралык кол тамганы өз ара таануу жөнүндө жобо менен толуктоо пландаштырылууда.

Ошондой эле, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы саясат” беренесин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатында биргелешкен аракеттердин программасын иштеп чыгуу боюнча пункттар менен толуктоо пландаштырылууда.

Мындан тышкары, ЕАЭБ келишимине өзгөчө фитосанитардык чараларга тиешелүү нормаларды киргизүү сунушталууда. Мындай чаралар Биримдиктин карантиндик объекттеринин бирдиктүү тизмесине кирбеген жана фитосанитардык коопсуздукка коркунуч туудурган зыянкечтерге карата колдонулат.

Кошумчаласак, документ Биримдиктин өлкөлөрүнө ички макулдашууга жиберилди.

Тэги: ЕАЭС договор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу