Өкмөт башчы насыя алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү тапшырмасын берди

14.08.2020, 14:40 Акчабар
Өкмөт башчы насыя алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү тапшырмасын берди

Аткаруу бийлигинин экономикалык тармагы бизнестин өнүгүшүнө кызыкдар болушу керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Өкмөттүн кезексиз жыйынында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы талкууланып жаткан учурда билдирди.

 



«Активдүү ишкерлик - бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү. Биз бизнеске жардам берүүгө гана даяр болбостон, анын өнүгүшүнө да кызыкдар болушубуз керек. Алардын ишмердүүлүгүнө көз салып туруу керек, эгер күтүлбөгөн жерден начарлай баштаса, анда өнүгүү боюнча сунуштарды бергиле. Мисалы, бөлүнгөн 14 млрд сом колдонулган жок. Демек, ишкерлерге бул программа боюнча маалымат жакшы жеткен эмес. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул программа алардын киреше табуусуна багытталып иштелип чыкканын айтып жеткирүү зарыл», - деди премьер-министр.
 

 

Ошондой эле Өкмөт башчы насыя алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү тапшырмасын берди.

Премьер-министр ошондой эле мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун ишин талдап, милдеттенмелер аткарылбаса, бул объектилерди жабуу керетигин айтты.



«Же аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө өткөрүү керек. Бул программа силер максималдуу түрдө колдонбой жатасыңар. Программа менен болгону 2 долбоор гана иштеп жатат. Болгондо бирөө алгачкы стадиясында. А негизи бул программа дүйнө жүзүндө колдонулуп, мамлекетке чоң пайда алып келет. Программага инвестиция салууга даяр инвесторлор менен ишти күчөтүү зарыл», - деп Кубатбек Боронов сөзүн жыйынтыктады.

Тэги: Аткаруу бийлиги экономика бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу