Өкмөт: «Ачыгын айтышыбыз керек, экономикада абал оор»

20.03.2020, 13:00 Акчабар
Өкмөт: «Ачыгын айтышыбыз керек, экономикада абал оор»

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдагы өкмөттүн иши үчүн отчёт берип жатып, кырдаалга байланыштуу өлкө экономикасындагы абалды оор деп баалады. Анын эсебинде, быйыл казынага 450 млн. доллар түшпөй калышы мүмкүн.

«Ачыгын айтышыбыз керек, абал оор. Биздин божомолубуз боюнча бажыдан 12-13 млрд. сом, салыктан 15 млрд. сом түшпөйт деп жатабыз. Муну баарына түшүндүрүп айттык», - деди өкмөт башчы.

Абылгазиев өкмөт жарандарга айлык, пенсия төлөмдөрү боюнча көйгөй жаралбай турганын кошумчалады.

Кыргызстандын Финансы министрлиги 2020-жылдын бюджети 15% аткарылбай калышы мүмкүн экенин билдирген. Кыргызстанда товар экспорттоодо жеңил өнөр жайы жолго салынган тармактардын катарында. Бирок кийим-кече тигүүгө чийки заттын 80-90% жана фурнитуранын бир топ бөлүгү Кытайдан ташылып келет. Жалаң эле жеңил өнөр жайы эмес, бир топ товарлардан импортко көз каранды Кыргызстанда Кытай менен чек аранын жабык турганы ишкерлерди санаага салды.

 

 

Тэги: Өкмөт экономика абал оор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу