100 батирлүү үйдүн курулушу үчүн куруучулар 50 макулдашуу жүргүзүүсү керек. Аталган жагдай Кыргызстандагы бүтүндөй бизнеске терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешине караштуу өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү комитетинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Өлкө башчы ишканалардын долбоорлоо стадиясына бир жыл убакыт кетерин эске салды. Курулуш тармагындагы барьерлерден улам акыркы жылдары Кыргызстан Doing business рейтингинде 20-дан 90-орунга түшүп кеткен.
«Бюрократия менен коррупцияны жоюу үчүн санариптүү технологияларды жайылтууну чамдатуу зарыл. Мамлекеттик органдар менен жарандардын түздөн-түз иш алып баруусун максималдуу түрдө кыскартуу керек», - деп белгиледи өлкө башчы.