Түрк ишканалары Кыргызстандын балык өндүрүшүнө инвестициялоого кызыктар

10.02.2020, 16:30 Акчабар
Түрк ишканалары Кыргызстандын балык өндүрүшүнө инвестициялоого кызыктар

Чоң түрк компаниялары Кыргызстандагы балык жана балык продукциясын өндүрүү долбоорлорун инвестициялоого жана кыргыз органикалык пахтасын Түркияга экспорттоого кызыктар. Бул тууралуу Түрк Республикасынын Элчиси Женгиз Камил Фырат Экономика министри Санжар Муканбетов менен жолугушуп жатып билдирди.

Жолугушуунун алкагында тараптар кызматташунун эки тараптык маселелерин, мамлекеттер арасындагы соода-экономикалык, инвестициялык жана ишкердик алакаларды талкуулашты.

Аны менен бирге Женгиз Фырат азыркы учурда курамына Түркиянын жана Кыргызстандын ишкердик компаниялары кирген чоң ассоциацияны түзүү үстүндө иш жүрүп жаткандыгын маалымдады.

«Аталган ассоциациянын алкагында эки өлкөнүн ишканалары ортосундагы өз ара иш алып баруусун тереңдетүү жана түрк компанияларынын Кыргызстанга инвестицияларын көбөйтүү пландалган».

Жолугушуунун жыйынтыгы менен минстр Санжар Муканбетов менен элчи Женгиз Фырат өкмөттөр аралык комиссиянын 9-отурумунун алкагында жетилген сүйлөшүүлөрдүн ишке ашуусуна мониторинг жүргүзүүчү биргелешкен жумушчу тобун түзүү тууралуу келишим түзүүнү макулдашты.


 

Тэги: түркия кыргызстан кызматташтык б

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу