Бүгүн, 31 - январда Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саимаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн комиссиянын ишинде, депутат Өмүрбек Бакиров (КСДП), ОсОО «Абдыразга» тиешелүү салыкты ким төлөй тургандыгына кызыкты.
Депутаттын айтымында, бул фирма бюджетке дээрлик 2 млрд сом салык төлөшү керек.
«Саимаити өлүп калды, эми бул фирманын салыгы төлөнөбү?», - деп сурады депутат.
Финансы полициясынын өкүлү Эмил Жамгырчиев бул компания бир гана Саимаитиге эмес дагы башкаларга дагы тиешелүү экендигин билдирди.
«Компаниянын 40% А.Саимаитиге, 60% - «Кара-Суу» базарынын ээси, Казакстан Республикасынын жараны Назира Турдалиевага таандык. Эгерде Турдалиева бул боюнча сотко кайрылып, анда тиешелүү чечим чыкса, компаниянын салыгын Турдалиева төлөп калат», - деп жооп берди Жамгырчиев.
Маалымат үчүн: Юстиция министрлигинин маалымат базасында ОсОО «Абдыраз» тууралуу маалымат бар. Анда компаниянын жетекчиси катары Турдалиева Назия Ганыевна жазылган. Кайра каттоо: 13.10.2015. Компания түрдүү товарларды дүңүнө сатуу менен алектенген.