Өлкөнүн энергетикалык секторунун абалы боюнча убактылуу комиссия түзүлдү

06.12.2019, 13:35 Акчабар
Өлкөнүн энергетикалык секторунун абалы боюнча убактылуу комиссия түзүлдү

5-декабрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсы тарабынан берилген маалыматтар боюнча, бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын ишенимдүүлүк деӊгээлиндеги электр энергиянын жоготуулардын көлөмүн, дебитордук карыздын көлөмүн, коррупциялык схемалардын таасирлерин изилдөө, электр энергиянын автоматташтырылган эсептөө системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык сектордун абалын жана келечектеги өнүгүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Маселенин демилгечиси депутат Өмрбек Бакиров.

Токтом менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди:

  • КСДП фракциясы – Мухтар Айнакулов, Өмүрбек Бакиров, Айнура Осмонова, Ильхом Мананнов;
  • “Республика – Ата Журт” фракциясы – Умбеталы Кыдыралиев, Максат Сабиров;
  • “Кыргызстан” фракциясы – Тынчтык Конушбаев, Алмазбек Токторов;
  • “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы – Зиядин Жамалдинов;
  • “Бир Бол” фракциясы – Акылбек Жапаров;
  • “Ата Мекен” фракциясы – Бахадыр Сулейманов.

Тэги: энергетика КР сектор депутаттык комиссия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу