Жыл башында Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-омбудсмен институтун түзүү тууралуу токтомго кол коюп, анда бизнестин кызыкчылыгын коргоо каралат.
Бизнес-омбудсменин түзүү көптөн бери эле айтылып, бирок ишке ашпай келген. Быйыл сөздөн ишке өтүп, 13-июнда талапкерлерди тандоо болот. Бирок, ШКУ самитине карата бул иш-чара кийинкиге калтырылышы дагы мүмкүн.
Бизнес-омбудсмен эмнеге керек жана эмне иш жасайт толук билүү үчүн бул жерден (здесь) караңыз.
Ал эми бизнес-омбудсменин түзүү үчүн ( направят ) €1.5 млн каражат коротулат. Акчаны Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы бермекчи.
Талапкерлерди тандоо 2019-жылдын апрель айында башталып, арыздар 30-апрелге чейин кабыл алынган.
«Талапкерлерге төмөндөгү талапттар коюлган: жогорку билимдүү, чарбалык иштерди жакшы билген, бизнес менен бийликтин тилин тапкан, коомдогу көйлөрдү жакшы билген, ишкерлик менен алектенген, Кыргызстандын мыйзамдары менен жакшы тааныш жана аны турмушта колдонуунун өздөштүргөн, жеке адамдык сапаты жогору болуп, эч кандай чатак, чырларга аралашпаган таза талапкер тандалат деп жазылган. Эң башкысы соттолбогон, коррупциялык иштерге аралашпаган жана репутациясы булганбаган адам болусу шарт», – деп жазылган.
Талапкерлерди тандоо төмөндөндөгү критерийлер эске алынды:
Бизнес-омбудсмен кызыматына кызыктандар көп болуп, 100 адам арыз беришкен. Бирок, биринчи эле баскычтта 85 талапкерди четтетүү болуп, экинчи айлампада болгону 5 талапкер калган. 13-июнда дал ушул беш адамдан бизнес-омбудсмени тандалып алынат.
Кыргызстанда бирични жолу бизнес-омбудсменин тандоо болот. Акчабар» финансы порталы шайлоонун алдында талапкерлердин тизмесин жарыялайбыз.
КР соода өнөр жай палатасынын вице-президенти
Ишкерлер кеңешинин экс-директору, «Күмтөр Голд Компаниясынын» туркутуу өнүгүү боюнча мурдагы жетекчиси.
Рыноктор, соода жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын директору, Улуттук ишкерлер кеңешинин жетекчиси.
Мурдагы президенттин аппаратынын финансы-экономика бөлумүнүн экс-жетекчиси.
КР Британиянын мурдагы элчиси.
Талапкерлерди жамааттык тандоо аркылуу аныкташат. Андагы тандоо комиссиясы үч тарапттан турат: Кыргыз өкмөтү, ЕРӨБ менен өлкөнүн бизнес-ассоциациясы.