Кыргызстандын экс-премьер-министри Өмүрбек Бабановдун бир тууган эжеси Ая Бабанова бардык акцияларын агасына өткөрүп берди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды.
Белгилеп кетсек, буга чейин Ая Бабанова дээрлик 5 млрд сомдук акциялардын дээрлик 98%ына ээлик кылган. Эми бул акциялардын баары Өмүрбек Бабановдун карамагына өттү.
КФБнын маалыматы боюнча, компаниянын баалуу кагаздарына 1,5 миңден ашык адам жана 686 юридикалык жак ээлик кылат.