Кыргызстандагы музыкалык мектептер, оркестрлер 50-60 жылдан бери аспаптарын жаңырта элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маданият министри Алтынбек Максүтов билдирди.
Анын айтымында, музыкалык аспаптарды жаңылоого 1 млрд. сомго жакын каражат керек.
“Азыр маданият, спорт, жаштар чөйрөсүнө 673 млн. сом бөлүү пландалып жатат. Анын 210 млн. сомун музыкалык аспаптарды жаңылоого жумшайбыз. Бул үчүн жыл сайын 200 млн. сом бөлүп, беш жылда музыкалык инвентарды жаңыртууну пландап жатабыз”, - деди ал.