Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрын оңдоо иштери боюнча тендер жарыяланып, аны “Уют” курулуш компаниясы утуп алган. Учурда реконструкция иштери башталды. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, театрды оңдоо иштери кечээ, 11-майда башталды. Тендердин сметалык баасы 28 млн. 116 миң сомду түзөт. Бул каражатка залдагы отургучтар, кичи сахнанын фойеси, үчүнчү кабаттагы кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, спираль түрүндөгү тепкичтеги бөлмөлөр жана биринчи кабаттагы аткаруу залдары оңдолот.
Келишим боюнча тендерди утуп алган компания 120 күндүн ичинде ишти бүтүрүшү керек.
Капиталдык оңдоо иштери үч этап менен жүргүзүлүп, ар бирине өзүнчө тендер өткөрүлөт. Театр мурдагыдай эле ишин улантат. Спектаклдер программага ылайык көрсөтүлөт.