23-февралга карата мырзалар үчүн белектердин баасы 2020-жылы, өткөн жылга салыштырмалуу 18 пайызга өстү. Бул тууралуу Ozon интернет-аянтчасынын изилдөөсүнө таянып, ТАСС порталы кабарлады.
Интерент аянтча Ата-Мекенди коргоочулар күнү алдындагы 800 миң буйрутма жана 5 млн издөө сурамдарынын негизинде изилдөө жүргүзгөн.
«Бул жылы былтыркыга салыштырмалуу белекке 200 рубльга көп каражат коротулуп, орточо баа 1 миң 300 рубльды түздү»,-деп айтылат изилдөөдө.
Белек катары көпчүлүк учурда фитнес трекерлери, спорттук саатар, электрондук тиш тазалоочу щеткалар, мырзалар үчүн косметика жана парфюмерия алынууда.