Орусия кант экспортун жайдын аягына чейин чектеди

06.05.2024, 10:50 Акчабар
Орусия кант экспортун жайдын аягына чейин чектеди

Орус өкмөтү өлкөдөн камыш жана кызылча кантын, ошондой эле химиялык таза сахарозаны экспорттоого убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды. 

Чектөөлөр 2024-жылдын 31-августуна чейин күчүндө болот. Ал ички азык-түлүк рыногунун туруктуулугун сактоого багытталган. 

Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрү үчүн өзгөчөлүк болду.

Бул аралыкта Орусиядан Казакстанга 120 миң тонна, Кыргызстанга 28,5 миң тонна, Арменияга 28 миң тонна, Беларусияга 5 миң тонна кумшекер экспорттоого уруксат берилген.

Тэги: Орусия кумшекер Кант экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу