Орусия мигранттар үчүн дагы бир жаңы эреже киргизди

03.01.2024, 13:34 Акчабар
Орусия мигранттар үчүн дагы бир жаңы эреже киргизди

Орусиянын Ички иштер министрлиги мигранттар үчүн жаңы эрежелерди киргизди. Ага ылайык, мигранттар патент берилген күндөн тартып эки айдын ичинде Ички иштер министрлигинин аймактык органына билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү. Бул тууралуу “РИА новости” порталы жазды. 

Маалыматка ылайык, жаңы эрежелер 7-январдан тарта күчүнө кирет.

Бул эреже Орусияда иштөөнү пландагандарга тиешелүү. Тактап айтканда, жумушка орношууда же патент алууда бардык чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар атайын билдирүү формасын толтурушу керек.

“Билдирүү орус тилинде, кол менен же компьютерде толтурулууга тийиш. Ага эмгек келишиминин же эмгек келишиминин көчүрмөсү тиркелүүгө тийиш. Документ жеке же почта аркылуу, ал эми цифралык форматта Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу жөнөтүлөт”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: Орусия жаңы эреже мыйзам эмгек миграциясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу