Орусияда өндүрүштүк жаракат алган кыргызстандыктарга компенсация төлөнүүдө

15.05.2023, 09:46 Акчабар
Орусияда өндүрүштүк жаракат алган кыргызстандыктарга компенсация төлөнүүдө

Жыл башынан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен 99 эмгек мигрантына 8,5 млн. ​​сом өлчөмүндө эмгек акы төлөнүп берилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, өкүлчүлүк тарабынан быйыл январь-апрель айларында 2788 кыргыз жаранына Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча кеп-кеңештер берилген. Анын ичинде 172 адам иш берүүчүлөр тарабынан төлөнбөгөн эмгек акы көйгөйү боюнча кайрылган. 

“Өкүлчүлүк өндүрүштүк жаракат алган эки кыргызстандыкка 1 млн. 050 миң рубль өлчөмүндө компенсациясын алууга жардам берди”, - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, өкүлчүлүк Орусиядагы иш берүүчүлөр менен байланыш түзүү, кыргыз жарандарына жумуш табуу жана ишке орноштуруу, келишим түзүүгө жардам берет. Ал жерден эмгек миграциясы, ошондой эле Орусиянын миграция жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча кеңештерди алууга болот. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу