Орусиядагы мигранттар айлыктарын конверт менен алууда

08.04.2024, 11:10 Акчабар
Орусиядагы мигранттар айлыктарын конверт менен алууда

Эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө көмөктөшүү борбору (Центр содействия по решению трудовых споров) Орусияга Борбор Азиядан келген эмгек мигранттарынын жашоо жана жумуш шарттарын изилдеди. Изилдөөнүн натыйжалары эмгек мигранттардын орус коомуна адаптация жана интеграция болушун өркүндөтүү боюнча иштердин негизи болууга тийиш.

Орусиянын Ички иштер министрлиги миграция боюнча кезектеги маалыматын жарыялады. Белгиленгендей, “Россия Федерациясына иштөө максатында визалык негизде келген чет элдик жарандардын саны 42,4%га өскөн”. Ошондой эле, чет өлкөлүк жарандарга иштөөгө уруксат берүү (+23,6%), патенттерди каттоо жана берүү (+3,6%) боюнча мамлекеттик кызматтардын саны өскөн.

Мурункудай эле Москва жана Подмосковье эмгек мигранттар иштеген негизги аймактар ​​болуп саналат. Ошондуктан аталган аймактардагы мигранттардын жашоо жана иштөө шарттары изилдөөгө алынды.

Изидөөнү Москва шаарындагы Адам укуктары боюнча комиссар Татьяна Потяева демилгеледи. Анын айтымында, миграциялык процесстерди башкарган мекемелер арасында миграциялык статистика жетишсиз.

Сурамжылоого Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген 18 жаштан 60 жашка чейинки 900 жумушчу катышкан. Толук социалдык-демографиялык профилди түзүү үчүн мигранттардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоосунун бардык чөйрөлөрүндөгү суроолорго жооп берүү зарыл болгон.

Эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө көмөктөшүү борборунун (ЦТС) эксперттери өзгөчө эмгек ишмердүүлүгүнө маани беришкен. Анда мигранттардын жумуш табуу ыкмалары, келишимдик негизде иштөө, иш берүүчү менен жазуу жүзүндө келишимдин жоктугунун себептери, эмгек акы төлөөнүн формасы, жумуш берүүчүсүнөн башкага эркин кетүү мүмкүнчүлүгү, паспорттун кимде болгону жана жумуш орду үчүн атаандаштык боюнча суроолор берилди.

Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, респонденттердин 54,4% эмгек акысын конвертте “салыксыз, көмүскө түрдө” алышары белгилүү болду. Орточо эмгек акы айына 54,5 миң рублди түздү.

“Тилекке каршы, респонденттердин жарымынан көбү жазуу жүзүндө келишимсиз иштешет, муну жумуш берүүчүнүн келишим түзүүдөн баш тартуусу жана документке муктаждыктын жоктугу менен түшүндүрүшөт”, - дейт Эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө көмөктөшүү борборунун (ЦТС) жетекчиси Константин Смурыгин.

Мындан тышкары, сурамжылоого катышкандардын жарымы жашаган жери боюнча каттоого туруу үчүн “расмий эмес акча төлөй турганын” моюнга алышкан. Бардык суроолорго жооптор аздыр-көптүр мигранттарды аялуу абалга алып келген мыйзамсыз аракеттердин үлүшүн камтыган. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, чет өлкөлүк жарандар орусиялыктар менен бирдей эмгек укуктарына ээ! Мигранттардын мыйзам нормаларын сактоосу аларга укуктарды гана эмес, иш берүүчү укукту бузган учурда аларды коргоого мүмкүнчүлүк берет”.

Адам укуктары боюнча комиссардын изилдөөсү чет элдиктердин адаптацияланышына байланыштуу көйгөйлөрдү “алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу”, анын ичинде тиешелүү баракчаларга шилтемелери бар патенттерде QR коддорду колдонуу менен чечсе болот деген тыянакка келген.

Константин Смурыгиндин айтымында, Эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө көмөктөшүү борборунан юридикалык жардамды онлайн консультация аркылуу алса болот жана кеңеш берүү мигранттын эне тилинде жүргүзүлөт.

Смурыгин изилдөөнүн жыйынтыгында талкууланган маалыматтар орус тилинде жүргүзүлөрүн жана ошол эле сурамжылоого катышкан респонденттердин 30%га жакыны документтерди окуу жана толтуруу орус тилинде болгондуктан, мигранттар орус тилин билүү деңгээлдери жетишсиз экенин белгилешкенин айтат. Тактап айтканда, спецификалык жана юридикалык терминдерди түшүнүү мигранттар үчүн кыйын.

Буга кошумча, изилдөөнүн жыйынтыгы эмгек мигранттары мамлекеттик кызматтардан аз пайдаланып, маселелерди мекендештер аркылуу чечүүнү туура көрөрүн көрсөткөн.

ЦТС адистеринин айтымында, бул так жана туура эмес маалымат алуу жана эмгек мигранттарын көмүскө экономикага тартуу коркунучун күчөтөт.

“Эмгек миграциясы боюнча социалдык диалог бүгүн зарыл жана эртең андан да зарыл болот. Анткени ааламдашуу заманында адамдар иш издеп, өздөрүнө жана үй-бүлөлөрүнө жакшы жашоо издеп өлкөлөрдү өзгөртө беришине алып келет”, - дейт Константин Смурыгин.

Эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө көмөктөшүү борбору (ЦТС) мигранттарга акысыз юридикалык жардам берет. ЦТС Россия Федерациясынын укуктук тармагында ийгиликтүү иш алып барууда, ошону менен бирге КМШ өлкөлөрүндө – Кыргызстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда эмгек талаш-тартыштары боюнча кеңештерди берет.

Акысыз консультациялар Call-борбордун менеджерлери тарабынан мигранттын өз эне тилинде берилет. Зарыл болсо, Орусиядагы юристтер мигранттар кайрылган көйгөйлөрдү чечип берет. Эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө көмөктөшүү борбору эмгек акынын кечиктирилиши же төлөнбөй калышы, кош бойлуулук жана эмгек өргүү акысы, ашыкча иштөө үчүн төлөмдөгү көйгөйлөр, ден-соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ар кандай жумуштагы чыр-чатакты чечүүгө жардам берет.

2023-жылы КМШ өлкөлөрүнүн дээрлик 2 миң 700 жараны Эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө көмөктөшү борборуна (ЦТС) кайрылган жана борбор 300дөн ашык соттук ишти утуп алган. Консультацияны социалдык тармактар ​​жана мессенджерлер, телефон аркылуу же веб-сайт (пикир формасы) аркылуу алса болот. Компаниянын чоң артыкчылыгы - талаш-тартыштарды сотко жеткирбей чечип берет.

Орусиядагы мигранттар айлыктарын конверт менен алууда” аттуу макала “Акчабар” каржы порталынын интеллектуалдык менчиги болуп саналат. Материалды колдонууда akchabar.kg гипершилтемесин колдонуу талап кылынат.

Тэги: Борбор Азия мигранттар эмгек миграциясы айлык акы кыргызстандык мигранттар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу