Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов менен Жапониянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Бунно Такаши жолугушту. Анда эки тараптуу боордоштук мамилелерди өнүктүрүү сунушталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, билим берүү программаларын биргелешип иштеп чыгуу, тажрыйба алмашуу, шаарлар арасындагы мамилени түзүү максатында кызматташуунун келечеги талкууланды.
Ош шаарынын мэриясы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсүнө ачык экенин билдирди.
“Ош шаары алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин 23 шаары менен боордоштук мамиледе жана алар менен бир тууган мамилелерин түзүү жолунда экономикалык, билим берүү, маданият, соода жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга даяр. Бул максатта кызматташуу боюнча меморандумду түзүү зарыл деп эсептейбиз”, - деди Замир Юсупов.