Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери Ош шаарында 525 миң сомго бааланган мыйзамсыз жүктү аныкташкан.
Маалыматка ылайык, “Т.Ж.Т.” аттуу жарандын башкаруусундагы “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө 15 даана уктоочу эмеректердин комплекттеринин тетиктери табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган бир дагы документи болгон эмес. Кармалган товардын жалпы салмагы 3810 кг түзгөн.
“Эксперт Групп” баалоо компаниясынын корутундусуна ылайык, кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 525 миң сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.
Аталган мыйзам бузуу фактысы мыйзамда белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.