Ош: жаңы таштанды талаасы үчүн Евросоюз 10 млн евро бөлдү

11.08.2021, 15:30 Акчабар
Ош: жаңы таштанды талаасы үчүн Евросоюз 10 млн евро бөлдү

Ош шаарына жаңы таштанды талаасын курууга Евросоюз тарабынан 10 миллион евро бөлүнүп, долбоорду ишке ашыруу башталды. Бул тууралуу “Акчабарга” “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнөн билдиришти.

Каражаттын беш миллиону кредиттик негизде берилген. Ал акчага кошумча контейнерлерди, тийиштүү техникаларды сатып алуу каралган. Жаңы курулуучу таштанды талаасы үчүн муниципалдык менчиктеги жерден 24 гектар жер бөлүнгөн. “Ош-Тазалыктын” бөлүм жетекчиси Сардор Тажибаев таштанды талаа тууралуу буларга токтолду:

“Учурда эки кеңешчи айлана чөйрөнү коргоо тармагы боюнча иш алып барууда. Бири экологиялык жактан текшерүүлөрдү караса, экинчиси техникалык кеңешчи болуп, курулуштун моделдөөсүнө көңүл бурат. Бул иштер бүтөөрү менен Кыргызстандын мыйзамынын негизинде тийиштүү органдардан уруксат кагаздар алына баштайт. Андан соң гана тендер жарыяланат. Биз тендерди жылдын аягында жарыялоону максат кылып турабыз”-, деди Тажибаев.

Белгилей кетсек, Ош шаарындагы 54 гектардан турган таштанды талаасы 1970-жылдан бери шаардыктардын пайдалануусунда. Мамэкотехинспекция анын экологиялык, техникалык талаптарга жооп бербей, талаага жакын жайгашкан Жапалак айылынын тургундарына терс зыян келтирип жаткандыгын айтып, мэрияга бир нече жолу айып пул салган.

Тэги: таштанды тендер Евросоюз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу