Ошто экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө ишин жандандырууга уруксат берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.
«Ош шаарында 3-декабрдан кинотеатр, интернет клуб, ресторандар жана балдар ойноочу жайлардын иштөөсүнө уруксат берилди. Уруксат берилген жайларда санитардык талаптар толук сакталышы шарт. Чечим бүгүн, 2-декабрда Ош шаарынын Жарандык коргонуу штабынын жыйынында кабыл алынды», - деп жазылат маалыматта.