Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз оюн-зоок ишмердүүлүгүн жүргүзгөн казинонун бетин ачты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 27-апрелинде кумар оюндарын ойноочу жайда тергөө (тинтүү) иш-чараларынын жүрүшүндө 327 миң сом акча жана 16 персоналдык компьютер табылган.
Ошондой эле, аталган мекеменин жетекчиси Кыргызстандын жаранынан (“Ж.А.”) 597 миң 200 сом, 4 миң 800 доллар, 4 миң рубль жана 4 процессор табылган.
Учурда уруксаты жок иштеп жаткан оюн-зоок жайларын аныктоо жана бөгөт коюу иштери уланууда.