Ошто жалпы наркы 1,4 млн сомду түзгөн контрабандалык товар кармалды

11.02.2022, 17:18 Акчабар
Ошто жалпы наркы 1,4 млн сомду түзгөн контрабандалык товар кармалды

Бажы кызматкерлери жалпы наркы 1 млн 400 миң сомду түзгөн контрабандалык күрүчтү алып өтүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

“Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош-Ноокат унаа жолунда Scania үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынып, ичинен жалпы салмагы 20 миң кг болгон “Лазер” күрүчү табылган.

“Э-О” ЖЧКсынын корутундусуна ылайык, кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 1 млн 400 миң сомду түзөт.

Аталган факты боюнча Ош шаарынын прокуратурасынын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон.

Бүгүнкү күндө товардын ээси кармалган товарларды бажы тариздөөдөн өткөрүп, 328 миң сом өлчөмүндөгү тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөгөн.

Тэги: Бажы кызматкерлери

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу