Абайлаңыз, шылуундар! Улуттук банк эч кандай сурамжылоолорду жана лотереяларды өткөргөн жок

12.11.2021, 10:38 Акчабар
Абайлаңыз, шылуундар! Улуттук банк эч кандай сурамжылоолорду жана лотереяларды өткөргөн жок

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде адамдар бири-бирине Кыргызстандын Улуттук банкынан деген билдирүүлөрдү жөнөтүшүүдө. Анда 29 жылдык мааракеге карата банк сурамжылоо жүргүзүп жатканы, андан ийгиликтүү өтүп, 50 миң сом утуп ала турганы айтылат.

Негизинен мындай схемаларды шылуундар колдонушат. Улуттук банк “Акчабарга” кооптонууну тастыктады. Ага ылайык, банк эч кандай сурамжылоо жүргүзгөн жок.

"Урматтуу достор, социалдык тармактар ​​жана мессенджерлер аркылуу Улуттук банк сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыгында адам 50 миң сом өлчөмүндөгү сыйлыкка ээ боло тургандыгы тууралуу келип түшкөн билдирүүлөр тууралуу эскертебиз. Бул туура эмес! Улуттук банк эч кандай сурамжылоо, почта аркылуу жана белгисиз сайттарга шилтемелер аркылуу лотереяларды өткөргөн эмес жана өткөрбөйт. Эгер сизге мындай билдирүү келсе, анда шилтемеге кирбеңиз, билдирүүнү өчүрүңүз жана андан ары таратпаңыз!" - деди Улуттук банктагылар.

Кошумчалай кетсек, шылуундар КР Улуттук банкынын оригиналдуу логотибин колдонушат, бирок шилтеме басылганда адамды үчүнчү тараптын сайтына алып барат.

Мекеме бул алдамчылыктын бир түрү экенин, анын максаты жарандардын жеке маалыматтарына жетүү экенин баса белгиледи. Андыктан, эч кимге өзүңүздүн жеке маалыматыңызды – картаңыздын номерин, PIN-кодуңузду, картаңыздын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун бербеңиз.

 

Тэги: мошенники розыгрыш опрос Нацбанк КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу