Биринчи Май районунда «Санарип аймак» системасынын иши талкууланды

07.07.2022, 09:35 Акчабар
Биринчи Май районунда «Санарип аймак» системасынын иши талкууланды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук муниципалдык администрациясында“Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасын колдонуу боюнча пландан тышкаркы жыйын өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Система “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө адистердин ишин автоматташтыруу максатында иштелип чыккан.

Жыйында аппарат кызматкерлери бул системаны толтурууда жаралып жаткан орчундуу көйгөйлөргө, акимчиликтин жетекчилигине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлүнө токтолушту.

“Катышуучулар бул маселе боюнча бир катар сунуштарды киргизип, келечектеги иш-чаралардын планын талкуулашты”, - деп жазат басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, администрация кызматкерлерине бул системаны ишке ашыруу жана иштөөсүн жолго коюу боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

Тэги: мэрия Бишкека цифровизация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу