Екатеринбургдан Ысык-Көлгө жаңы авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу маалымат “Манас” аэропортунун сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 19-июндан тарта орусиялык авиакомпания Екатеринбург-Ысык-Көл-Екатеринбург багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ишке ашырууну пландоодо.
“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Екатеринбургга каттамдар жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат.