Бүгүн Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамы боюнча туруктуу аба каттамы ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Рейстер жумасына эки жолу - шаршемби жана жекшемби күндөрү JazeeraAirways тарабынан жүргүзүлөт.
Жаңы эл аралык каттамдын ачылышы Кыргызстан үчүн учуулардын географиясын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет, транспорт, соода-экономикалык, инвестициялык жана туризм чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыктын кеңейишине шарт түзөт.
"Манас" эл аралык аэропортундагы жаңы рейсти тосуп алуу аземине Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Алмаз Тургунбаев катышты.