Мамлекеттик программа аркылуу бала бакча ачууну каалаган 400дөн ашуун адамдан арыз түштү. Бул тууралуу ӨКМдин Өрткө каршы жана өрттүн алдын алуу башкармалыгынын башчысы Акылбек Расулов билдирди.
Ал белгилегендей, бул программа мектепке чейинки билим берүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу, аны жеткиликтүү кылуу жана ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүү максатында түзүлгөн.
Ага ылайык, Бишкек шаарындагы мектептердин аймагында жума сайын 20-25 каалоочу окутулууда. Аларга өкмөт тарабынан коюлган минималдуу талаптар тууралуу маалымат берилет. Сабактарды министрликтердин өкүлдөрү өтүшөт.
Бала бакчалар жеке үйлөрдө уюштурулат. Аны ачууну каалагандар арыз берип, окуудан өтүшү керек.